Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Татыр айылдык кенешинин «Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 30-апрели № 33
Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токой чарба кызматынын Баткен токой чарбасынын 2025-жылдын 8-апрелиндеги №01-06/50 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартиби жөнүндө” токтомунун “Чөп чабуу жана мал жаюу“ 40-41-пункттарын негиз кылып. Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитети иштеп чыккан бааларга ылайык, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кекешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы Токтом кылат
1. Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифи таблицада көрсөтүлүп бекитилди.
1
Ийри муйуздуу малдар учун (КРС)
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
2
Музоолору учун
1 айга 15 сом
15*5=75 сом
3
Майда малдар учун (МРС)
1 айга 8 сом
8*5=40 сом
4
Козу-улактар учун
1 айга 8 сом
8*5=40 сом
5
Жылкылар учун
1 айга 40 сом
30*5=200 сом
6
Кулундар учун
1 айга 20 сом
30*5=100 сом
7
Топоздор учун
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
8
Мамалактары учун
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого, Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага:
Т.Исманов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.