Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Суу-Башы айылдык кенешинин «Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин V111 чакырылышынын кезекcиз 1Х сессиясы
2025-жылдын 19-майы № 80 Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-майындагы №243 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган шифр 827-Ош/2024 сандуу, Кара-Булак айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планы бекитилсин.
Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго жүктөлсүн.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
К.Шакиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2017 года № 490 "Об утверждении Программы Правительства Кыргызской Республики по разработке генеральных планов населенных пунктов…Постановление · 17.08.2017 · № 490 · No longer in force