Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Раззаков шаардык кенешинин «Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбооруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы) 2025-жылдын 24-апрели №1 Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбооруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы “Раззаков шаарынын артыкчылыктуу долбоорун бекитүү жөнүндө” №6 токтому менен кабыл алынган тиркемеге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын кош каржылоонун негизинде 2025-жылы ишке ашырылуучу региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорунун 4-пункту болуп Ак-Булак айылынын Мектеп көчөсүнө 203 метр, Алтын-Бешик айылынын Мектеп көчөсүнө 381 метр аралыгына асфальт төшөө жана абаттоо иштери үчүн жалпы сумма 7003,600 сом суралуучу сумма 4800,0 сом жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 2 203,6 сом өлчөмүндө деген сөздөр менен 4-пункт кошулсун. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.А.Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №1 токтому менен бекитилсин
Кош каржылоонун негизинде 2025-жылы ишке ашырууга региондорду онүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун
№
Долбоордун аталышы
Карыжылоо булагына сунуш
Болжолдуу керектелүүчү каражат (миң сом)
Жалпы
Суралуучу сумма
Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым
Өздүк салымдын %
1
Муниципалдык мал базардын жолуна жана ички аянтына асфальт төшөө
Райондук өнүктүрүү фонду
25 143,262
20 383,559
4 759,703
18,9
2
Тоголок Молдо - Восточная көчөлөрүн байланыштырган сел канал аркылуу өтүүчү жолду (мостту) калыбына келтирүү
Райондук өнүктүрүү фонду
1 392,0
1 000,0
392,0
28,2
3
Шаардын аймагында 32 жерде таштанды топтолуучу жайларды куруу жана 125 даана үкөктөрдү орнотуу
Облусту өнүктүрүү фонду
3 919,904
3 500,0
419,904
10,7
4
Ак-Булак айылынын Мектеп көчөсүнө 203 метр жана Алтын-Бешик айылынын Мектеп көчөсүнө 381 метр аралыгына асфальт төшөө жана абаттоо
Облусту өнүктүрүү фонду
7 003,600
4 800,0
2 203,6
31.5
ТИЗМЕСИ
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы З.Н.Туяков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.