Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Алтын-Бешик айылдык кенешинин «Жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жѳнүндѳ» токтому
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылы 15-апрели № 34 Жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 82-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12-Мыйзамынын 3-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамына 7-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 19.04.2024-жылдын №_01-13/1813 22.02.2024-жылдын №01-13/862 19.04.2024-жылдын №01-13/1773 22.06.2023-жылдын№01-13/3199 22.02.2024-жылдын №01-13/857 22.02.2024-жылдын №01-13/856 01.11.2024-жылдын №01-13/3391 сандуу маалыматына,көрсөтүлгөндөй жана Мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын төрагасы Ж.Матаевтин баяндамасын угуп, жана талкуулап Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу максатында Токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл аймагында жайгашкан № 975 контурундагы 0,07 га №1010 контурундагы 1,5га № 963 контурундагы 0,05 га №572 контурундагы 0,03га № 558 контурундагы 2,9га № 3165 контурундагы 0,40 га жайыт жер аянтына (Өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу максатында) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспортунун, байланышынын, коргоонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоо) которууга макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын толуктап бүтүрүү жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Жер, агрардык жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы Ж.Матаевге тапшырылсын.
Төрайым:
А. Матраимова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций»Закон · 26.12.2020 · № 12