Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 15-апрели № 37
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 16 651,8 (он алты миллион алты жүз элүү бир миң сегиз жүз) сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 4 995,5 (төрт миллион тогуз жүз токсон беш миң беш жүз) сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
Төрага
К. С. Мусаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 декабря 2024 года № 821 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О пилотном проекте по передаче районных/региональных…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · No longer in force