Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отуруму
2024-жылдын 19-декабры № 2/1
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин имаратынын жылытуу системасын капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1473,1 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорлорду 2025-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Джалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · No longer in force