Кара-Кѳл шаардык кеңешинин “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2025-жылдын 28-февралы №21/4-9
2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Б.Н.Койчиевдин 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктун жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын ставкасы 1 чарчы метрге 5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (У.А.Жумашев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага:
Ч.А.Кимсанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.