Төрт-Көл айылдык кеңешинин Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 11
Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Прогресс айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин, анын ичинде:
- аянты 8,86 гектар жер участогу ( идентификациялык коду 5-06-06-1005-0892);
- аянты 5 гектар жер участогу ( идентификациялык коду 5-06-06-1012-0269);
- турак эмес курулуштары жана башка объектери менен аянты 826,68 м2 жер участогу.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомун аткаруу боюнча иш-чараларды алып баруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага
М. Тажибаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.