Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-апрели № 5/13
Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун ылайык Өзгөн шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетини н киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 115553,3 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 34665,9 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражатты жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Джалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 декабря 2024 года № 821 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О пилотном проекте по передаче районных/региональных…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · No longer in force