Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин «“Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамын түзүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ 2025-жылдын 29-январы №19
“Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндөгү Кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык бекитилген “Укук бузуулар боюнча ишти караган комиссиялар жөнүндө жобого” ылайык жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Молдокматованын 2025-жылдын 23-январындагы отурумунунун негизинде билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
Оргочор айыл өкмөтү тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караганга” комиссия курамы түзүлсүн.
Комиссиянын сандык курамы айыл өкмөт тарабынан аныкталып бекитилсин.
Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.