Кара-бак айылдык кенешинин «Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жыл 1-апрели №34 Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 28.02.2025-жылдагы №01-13/439 сандуу аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтына жашылча мөмө-жемиштерди сактоо максатында логистикалык борбор куруу үчүн “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кенештин торагасы:
А.Дилишатов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.