Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин «Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2025-жылдын «30»апрели №42
Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10- апрелиндеги №192 « Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тейлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-графасынын 46- пунктуна ылайык Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы токтом кылат;
1. Карасаев айыл аймагындагы токой чарбасына тиешелүү жайыт жерлерге жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге жылдык жайыт акысы бодо малга 234 ( эки жүз отуз төрт )сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токой чарбасынын жайыт жерлерине бодо малга 1 башка 134 (бир жүз отуз төрт сом кой-эчкиге 27 ( жыйырма жети ) сом ,айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге 4-5 ай жайгашкан бодо малга 100(жүз ) сом төлөнсүн.
3. Токой чарбасынын жайыт жерлерине баруучу малчыларга маалым кат Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Ийгилик» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д. Н Кыдырмышовко жана Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура , курулуш, транспорт,экология ,жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.
6. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик
актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д.Б Солпуев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.