Баш-Дөбө айылдык кеңешинин «2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын IV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/3
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326“Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 4131,9 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 1239,5 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы-экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдоо багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Тагайкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 декабря 2024 года № 821 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О пилотном проекте по передаче районных/региональных…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · No longer in force