Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин «Жаңы-Жол айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2022-жылдын 14-декабрындагы № 40
Жаңы-Жол айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын түзүү жөнүндө Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруу комитетинин жетекчиси Т.Ибраимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы № 36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Жаңы-Жол айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
2. Жаңы-Жол айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Жаңы-Жол айыл аймагынын аймагында аткарылсын.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине каттоого жөнөтүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Момунбековага жүктөлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары И.Кундузбаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы
Т. Өзүбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О жамаатах (общинах) и их объединениях»Закон · 21.02.2005 · № 36
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force