Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Куршаб айылдык кеңешинин «Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө» токтому
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III отуруму
2025-жылдын 31-январы № 11
Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) III кезектүү отуруму Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө маселесин күн тартибинде карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага
Атчабаров Н.
Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-январь №11-токтому менен бекитилген
Куршаб айыл аймагынын 2025-жылга жана 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун орто мөөнөттүү планы
1. Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы.
Максаты: Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттык өзгөрүүлөрдүн терс таасирин азайтуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу. Милдети: Экологиялык туруктуулукту камсыздоого, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялык чараларды ишке ашырууга багытталган интеграцияланган аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Бул план - климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу жана табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу үчүн жыл ичи аткарылуучу иш-чараларды аныктайт.
1.1. Жаратылыш ресурстарын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттар жана иш чаралар
1-таблица.
Багыт
Иш-чаралар
Максаты
Күтүлгөн натыйжа
Мөөнөтү
Айыл чарба багытындагы жер ресурстарын башкаруу
Жердин сапатын баалоо жана инвентаризациялоо
Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу
Түшүмдүүлүк артат жана жердин деградациясы азайтылат
2025-жыл
Органикалык жер семирткичтерди жана заманбап технологияларды киргизүү
Өндүрүмдүүлүктү жана экологиялык туруктуулукту жакшыртуу
Экологиялык таза азыктар көбөйөт
2025-жыл
Мал чарбасын башкаруу
Малдын санын жана сапатын инвентаризациялоо
Мал чарбачылыгынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу
Малдын сапаты жана сандык көрсөткүчтөрү жакшыртылат
2025-жыл
Суу ресурстарын башкаруу
Сугат системаларын жаңылоо жана реконструкциялоо
Суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана үнөмдөө
Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу
2025-жыл
Жайыттарды башкаруу
Жайыттарды калыбына келтирүү жана эффективдүү башкаруу системаларын киргизүү
Жайыттардын деградациясын азайтуу жана мал чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу
Жайыттар жакшыртылат жана жайыттардын туруктуулугу камсыздалат
2025-жыл
Жайыттарды инвентаризациялоо
Жайыттардын аянтын жана сапатын сактоо
Био ар түрдүүлүк жана экологиялык тең салмактуулук сакталат
2025-жыл
Жаңы бак-дарактарды отургузуу жана деградацияланган аянттарды калыбына келтирүү
Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыздоо
Көмүртек сиңирүүчү аянттар көбөйөт
2025-жыл
Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу
Кургакчылыкка жана суукка туруктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү
Айыл чарба туруктуулугун жогорулатуу
Климаттык факторлордун таасири азайтылат
2025-жыл
Экологиялык туруктуулукту камсыздоо
Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү
Экологиялык таза продукция өндүрүү
Органикалык продукциянын көлөмү жана сапаты жогорулайт
2025-жыл
Билим берүү жана маалымдуулук
Жергиликтүү жамааттарды жана фермерлерди окутуу
Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча билим берүү
Фермерлердин жана жамааттардын маалымдуулугу жогорулайт
2025-жыл
Климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат кампанияларын уюштуруу
Коомчулуктун климаттык маселелерге сезимталдуулугун жогорулатуу
Калктын климатка ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт
2025-жыл
1.2. Жайыттарды, жайыт инфраструктурасын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иш чаралар планы. Инвестициялык план
Фокус-топтордо аныкталган көйгөйлөрдүн приоритеттештирүү жана кичидолбоорлорду алдын ала тандоо боюнча ОГУЛдун жыйналыштары өткөрүлүп, бул жылы ишке ашырылуучу кичидолбоорлордун болжолдуу бюджети аныкталган. Кичидолбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары аныкталып, айылдык кеңештин сессиясында бекитилген. 2-таблица.
№
Чакан долбоорлордун аталышы
Жайгашкан жери
Жалпы сумма, миң.сом
Каржылоо булактары, миң.сом
МИ
Башка булактар (ӨФ, ОКӨФ, долбоор)
Башка (демөөрчү, жамаат)
1. Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу
1
Жайыттарды калыбына келтирүү
Чытты, Шор, Эркин
1000,0
0
500,0
500,0
2
Жайыттарга мониторинг жүргүзүү
Жаздоо-жайлоо
7,0
7,0
0
0
2. Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу
1
Жайыт көпүрөлөрүн калыбына келтирүү
Кайнар, Борду участкасы
500,0
500,0
0
0
3. Малдын асылдуулугун жана тоют базасын жакшыртуу
1
Купка-жуутканаларды куруу
Куршаб
1 000,0
500
500,0
0
2
Мобилдик куут пунктун уюштуруу
Куршаб
2 000,0
1 000
1 000,0
0
Жалпы:
4007,0
2 007,0
2 000,0
500,0
2. Жайыттарды пайдалануу мезгили
Жайыттарды эффективдүү пайдалануу үчүн жайыттарга көчүп конуу графигин так сактоо милдеттүү болуп эсептелет. Себеби, жаздоо жайыттарына малдарды эрте жайылса, анда чөп көтөрүлбөстөн малдын туягы тебелеп, жайытты талкалап салат. Ал эми, жайлоолорго бирдей убакытта көчүү талап кылынат. Анткени, биринчи көчүп барган жайыт пайдалануучулар өздөрүнүн конушуна жеткенге чейин, башка жайыттарга бир топ күн отуруп, талкалап, анан көчүп кеткен учурлар көп катталууда. Ошондуктан, төмөндөгү көчүп конуу графигин ар бир жайыт пайдалануучу так сактоого милдеттүү. 3-таблица.
№
сезону
мал жаюу мезгили
жайыт
күндөрдүн саны
эскертүү
1
Жаз
01-апрель-20-май
жаздоо
50
Жаздан кышка чейин мал жайыттарга жана жайыттардан башка айыл чарба жерлерине багылат. Жайыттын жалпы узактыгы орточо 245 күн.
2
Жай
20-май- 10-сентябрь
жайлоо
125
3
Күз
10-сентябрь- 20-ноябрь
күздөө
70
Мал жаюу мезгили жыл сайын климатка жараша болот. Жаз эрте келсе, жаздоо жайытынын күнгөй тарабы 15-марттан, ал эми тескей тарабындагы жайыттарды 10-апрелден баштап пайдалана башташат. Ал эми, жаз кеч келген жылдары, жайытка 10-15 күн кеч чыгышат. Жайлоо жайытына май айынын аягынан июнь айынын башына чейин көчүп башташат. Жайлоодон август айынын аягынан, сентябрдын ортосуна чейин көчүп келишет. Күздөө жайытын, биринчи кар жааганга чейин пайдаланышат. Жайыт пайдалануучулар жайытка чыгаардан мурда, жайыт билетин алууга милдеттүү. Жайыт акысын төлөгөн жайыт пайдалануучуларга, жайыт аталышы, контуру көрсөтүлгөн жайыт билети берилет. 2025-жылга жайыт билети берилген жайыт пайдалануучулардын тизмеси, №1 тиркемеде.
3. Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо (мындан ары- МжБ) ар бир сезондо, жайыттагы өсүмдүктөрдүн максималдуу өсүү убагында өткөрүлүшү керек. Бир нече жыл удаа мал жаюу графигине көзөмөл жасоо, жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо, айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча чечим кабыл алууга эң негизги маалымат булагы, инструменти болуп саналат.
4-таблица.
Мониторинг жана баалоо жүргүзүлүүчү жайыт участокторунун аталыштары
График
Болжолдуу баасы
Ким жооптуу
Жаздоо, күздөө
Шагым, Кайнар
апрель
2000
Турдубаев Б., МжБ тобу
Жайлоо
Чытты, Эркин
июнь
5000
Турдубаев Б., МжБ тобу
Жалпы суммасы:
7000
4. Жайыттарды пайдалануунун учурдагы жана пландалган системасы
Акыркы жылдардагы мониторингдин маалыматтарын талдоо, калктуу пункттарга жакын жазгы жайыт участокторунда белгиленген нормадан бир кыйла ашыкча экендигин көрсөттү. Бул участоктордун абалына терс таасирин тийгизет. Бул участоктор үчүн мал жаюу системасы иштелип чыгып, малдардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүлдү. Ошондой эле, жайытка чыгуунун тартиби жана графиги иштелип чыкты. Деградациянын жайылуу коркунучу бар участоктордо интенсивдүү которуштуруу системасын колдонуу пландаштырылууда. МжБнын жыйынтыгы менен жайыттардын абалы аныкталып, анын негизинде жайыт которуштуруп пайдалануу колдонулат, өз убагында эс алдыруу, рационалдуу пайдалануу жана жайыт аянттарын жакшыртуу камсыз кылынат. 5-таблица.
Жайыт участогунун аталышы
жайыттын аянты, га
Жайылган малдын саны/ШБ
Жайыттын сыйымдуулугу
Мал жаюу күнү
жайыттын басымы
план түзгөнгө чейин
план түзгөндөн кийин
план түзгөнгө чейин
план түзгөндөн кийин
A
B
С
D
Е
B/D
C/D
Кайнар
2856
2805
3000
2805
150
1,07
1,02
Шагым
1714
1670
3600
1670
150
2,16
1,11
Кой-Таш
1156
1132
3380
1132
150
2,99
1,02
Эркин
107
98
510
98
150
5,2
1,09
Жогорку Кайнар
1380
1437
470
1437
156
0,33
0,97
Чытты
1200
1900
3400
1900
100
1,79
0,63
Шор
839
536
3000
536
105
5,6
1,57
Жыйынтыгы:
9252
9578
1791
1552
2,73
1,06
5. Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоо
Жайыт акы – КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 токтомунун редакциясына ылайык “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү Жобого ылайык аныкталат жана айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. 6-таблица.
Жайыттарга мал жайып пайдалангандыгы үчүн төлөм
№
Малдын түрү
Саны
1 башка, жайыт акы
Жылга, жалпы суммасы
1.
ИММ
2.
Кой, эчки
3.
Жылкы
4.
Эшек
Бардыгы:
Жайыттарды башка максаттарда пайдалангандыгы үчүн төлөм
№
Түрү
Аянты, га
төлөм, сом/га
Жылга, жалпы суммасы
1
Чөп чабык
2
Бал челек
3
Туризм
Бардыгы:
Жалпы:
6. Бюджет
I. Киреше бөлүгү
Киреше булактары
Жалпы сумма
Жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер
550 000
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн каражаттар
0,00
Жайытты чөп орок катары пайдалануудан
0,00
Бардыгы:
2 133 000
II. Чыгаша бөлүгү
№
Чыгымдардын статьялары
бардыгы (сом)
анын ичинен
I
II
III
IV
1
Салык
0
0
0
0
0
2
Эмгек акыга (социалдык фондду,киреше салыгын кошуп эсептегенде)
288 000
72000
72000
72000
72000
3
Соц.фонд
49 680
12420
12420
12420
12420
4
Транспорттук чыгымдар
7 000
0
0
7000
0
5
Жайытты жакшыртууга
12 500
5000
2500
5000
0
6
Кошумча жумушчуга
11 320
0
0
11320
0
7
Ар турдуу чыгымдар
181 500
41500
40000
50000
50000
Бардыгы:
550 000
125920
126920
157 740
134 420
7. Жайыттарды пайдалануу режими жана бузуулар үчүн жоопкерчилик
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы – айылдык Кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жаюунун жана пайдалануунун белгиленген режимин бузгандыгы үчүн укуктук жол-жоболорго ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тиешелүү айылдык аймактын чегинде зарыл болгон жол-жоболорду ишке ашырууга негиз түзүү максатында жайыттарды пайдалануунун режими айылдык
2025-жылга жайыт билети берилген жайыт пайдалануучулардын тизмеси, №1 тиркеме.
7.1. Ички эрежелер
Ø Мал жаюу мөөнөттөрү
- Жайыт сезону 10-апрелден башталат (күнү жана айы).
- Жайыт сезону 10-ноябрдан аяктайт.
- Жайлоолорго көчүрүү 20-майдан, 10-июнга чейин .
- Жайлоолордон көчүп келүү 20-августтан 15-сентябрга чейин.
Ø Жайыт сезонунда колго алып калууга уруксат берилген малдын саны: ИММ– 200; ат– 150; кой, эчки – 500; Ø Жайыт акы төлөөнүн мөөнөттөрү Жайыт билети үчүн: 50% - 15-апрелден кечиктирилбестен; 50% - 1-ноябрдан кечиктирилбестен; Жайытты башка максатка пайдаланган учурда: Эс алууну жана туризмди уюштургандар үчүн - 50% - келишим түзүлөөрү менен; 50% - келишим түзүлгөндөн 3 ай аралыгында; Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн жыйым 100% төлөнөт. Ø Жайыт билетинде көрсөтүлгөн малдын саны мал санактын маалыматтарына дал келиши керек; Ø Жайыттарга сырттан алынып келинген малдарды жаюуга тыюу салынат. Ø Малчылар жайыт билетинде көрсөтүлгөн гана участокторго мал жаюуга милдеттүү; Бардык жайыт пайдалануучулар, жайытты пайдалануунун жогоруда көрсөтүлгөн режимдерин аткарууга милдеттүү. Жогорудагы жайыт режимин бузгандар Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылышат.
7.2. Бузуулар үчүн жоопкерчилик
Малдары айдоо аянттарына кирген жаныбарлардын ээлерине төмөнкүдөй жаза чаралар колдонулат: § Эгерде ушул жылдын 15-мартына чейин айдоо аянттарына кирген малдарга эскертүү берилет. § Эгерде мал жандыктар айдоо аянтына 15-марттан кийин кирсе: ИММ үчүн 1-жолу айып пул 500сом, 2-жолу штраф 1000сом, ал эми анда болбой мал жандыктар айдоо аянттарына түшө берсе анда чыгымды төлөө менен жана иш аксакалдар сотуна өткөрүлөт, аксакалдар соту айып пулдун көлөмүн белгилешет. § -Эгерде мыйзам бузуу экинчи жолу кайталанса, төлөмдүн суммасы эки эсеге көбөйөт. Алар мыйзамга ылайык айып пулду төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. § - Айылдык кеңеш жергиликтүү тургундардын малын баккан чабандарга төмөнкүдөй төлөмдү белгилейт: § 1 баш ИММга айына 800 сом, кой-эчкиге 1 башка айына – 200сом. § Ар бир жалданма чабан менен 3 тараптуу келишим түзүлөт (АӨ, жайыт пайдалануучу жана чабан). Чабандар тарабынан малдын акысын өзүм билемдик менен көтөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.