Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
For example:
Керме-Тоо айылдык кеңешинин «Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Сары-Булак айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры №25/1
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Сары-Булак айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочу С.Жолоновдун калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 25,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча макулдук катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы №15 “Граждандык кодексинин 233¹-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 35-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык, Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочу С.Жолоновдун калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 25,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча макулдук каты канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын жашоочусунун макулдук катына ылайык, 25,0 чарчы метр жер тилкеси Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиигине алууга макулдук берилсин.
3. Жогорудагы турак жай багытынан ажыратылган жер тилкеси көмөкчү чордон орнотуу багытына өзгөртүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага
А.Шерматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Гражданский кодекс Кыргызской Республики Часть IКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37