Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-14 Т.Кулатов айыл аймагындагы 10,50 га жерлерди көрктөндүрүү үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №VII-чакырылышынын
кезектеги 9-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 30-августу №9-14
Т.Кулатов айыл аймагындагы 10,50 га жерлерди көрктөндүрүү үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кожо-Арык айылынан Маширап-Сай участкасындагы №6695 контурундагы 0,40 га, Чал-Таш участкасынан №863 контурунан 0,74 га, Сары-Талаа участкасынан №6695 контурунан 0,60 га, Ынтымак айылынан №1217/1241 контурунан 0,30 га, №1118 контурунан 2,0 га, Кош-Дөбө айылынан №3868 контурунан 0,30 га, Каримберди бөлүмүнөн №97 контурунан 6,16 га жалпы 10,50 га жерлерди көрктөндүрүү үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
А.Ажибаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force