Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө токтому
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезексиз 11-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 12-июлу № 11-7 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Өсүмдүк өстүрүү жана жер боюнча башкы адис А. Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ «Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерин, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативине берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругунун негизинде бекитилген Жобого ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ «Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерин, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативине берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругунун негизинде бекитилген Жобого ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысын бекитүү колго алынсын.
2. Н. Исанов айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысынын өлчөмү тиркемедеги формуланын негизинде өлчөнөт.
3. Бекитилген ижара акысынын өлчөмүнүн негизинде иш алып баруу Өсүмдүк өстүрүү жана жер боюнча башкы адис А. Жолдошевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н. Жолдошов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Приказ Министерства сельского хозяйства Кыргызской Республики от 19 сентября 2022 года № 329-ни "Об утверждении Порядка предоставления земель Государственного фонда…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · No longer in force