Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин «Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 13
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ№131 Жарлыгына ылайык, Тосор айылынын тургуну Н.Сватухиндин кайрылуусун карап, муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Тосор айылындагы №4 контурундагы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчиктеги жеринен Тосор айылынын тургуну Н.Сватухингесаркынды сууларды тазалоочу курулма курууга 0,05 га жер тилкеси 10 жылдык мѳѳнѳт менен бѳлүнүп берилсин.
2. Ижарачы Н.Сватухиндин ижара мѳѳнѳтүн так сактоосун, ижара акысын убагында төлөшүн жана муниципалдык менчиктеги ижарага берилген жер тилкесин ѳз багытында пайдалануу жагын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊештин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.