М.Абдылдаев айылдык кеңешинин «Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
18-сессиясы
2023-жылдын 03-февралындагы № 83
Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284“Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгынын негизинде Чолпон-Ата айыл аймагынан шайланган Биринчи Элдик курултайдын делегаты Алыбекова Салиманын “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы токтом кылат:
1. “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
5. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө киреn
Төрайым:
Р.Токтоназарова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 2 апреля 2010 года №206 "О дополнительных мерах государственной поддержки лиц, проживающих в тяжелых, неблагоприятных природно-климатических…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · No longer in force