Кара-Бак айылдык кенешинин «Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №857-контурунда жайгашкан 1,80 га жер аянтынын категориясын которуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы 2025-жылдын 25-февралы № 26 Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №857-контурунда жайгашкан 1,80 га жер аянтынын категориясын которуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 09.08.2024-жылдагы №01-13/2803 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы 1,80 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №857-контурунда жайгашкан 1,80 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайынын транспорттун байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Дилишатов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.