Кара-Бак айылдык кенешинин «Кара-Бак айылынын Жаны-Короо участкасында №191 контурундагы жайгашкан 0,10 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы 2025-жылдын 25-февралы № 20 Кара-Бак айылынын Жаны-Короо участкасында №191 контурундагы жайгашкан 0,10 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 07.02.2025-жылдагы №01-13/219 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылынын Жаны-Короо участкасындагы №191-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылынын Жаны-Короо участкасында №191 контурундагы жайгашкан 0,10 га жер аянтын “Айыл чарба багытыдагы жерлер” категориясынын Курулуштар астындагы түрүнөн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага
А.Дилишатов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.