Суу-Башы айылдык кенешинин «Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 35 Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн протоколдук тапшырмасынын жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 6-февралындагы №01-25/187 сандуу чыгыш катынын негизинде талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
Суу-Башы айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №165 Мыйзамына ылайык, административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу кайра кароонун зарылчылыгы жок экендиги белгиленсин.
2. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К. Шакиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.