Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому.
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 3-10 Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык, муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануу максатында жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берүү максатында “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги Найман айыл өкмөтүнүн имаратын ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары:
К. Кайымов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Указ Президента КР от 29 января 2021 года УП № 3 "О защите собственности и поддержке предпринимателей и инвесторов"Указ · 29.01.2021 · № 3