Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Арстанбап айылдык кеңешинин «Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 26-январындагы № 11
Арстанбап айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө Арстанбап айыл өкмөту башчысы И.С.Чолпоновтун Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомун ишке ашыруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XIII сессиясы
Т О К ОТ О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтому аткарууга алынсын.
2. Арстанбап айыл аймагы тоолуу аймак болуп 5-6-ай кыш болуусун жана кардын калын түшүшүн,элдин жашоо турмушун оор экендигин эске алып , Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2022-жыл 31-майдагы №291 токтомунун негизинде мыйзамсыз курулган турак жайлардын жер аянты турак жай ээлерине 0,20 га га чейин берилсин.
3. Токтомду аткаруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы И.С.Чолпоновко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзадуулукту сактоо,жарандардын укугун,кызыкчылыгын коргоо, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:
Ж.Абдухалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291