Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө» Токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кеңештин ХХIX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 2/7
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун орун басары Ж. Кырбашевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесине ылайык Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүүгө Дөбөлү айыл аймагына тиешелүү болгон тик бурчтуу координаттар системасындагы 30 012 га жерлери жалпы элдин маакулдугусуз эч бир жакка өткөрүлүп берилбесин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага
Б. Шералиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.