Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ак-Тилек конушундагы 4 га жайыт жер аянтын өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которуу жөнүндө» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын кеңешинин кезексиз 4- сессиясы
2025-жылдын 12-февралы № 4/2
Ак-Тилек конушундагы 4 га жайыт жер аянтын өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Тилек конушундагы № 1297 контурундагы жайгашкан 4,0 га жайыт жер категориясы өндүрүш багытындагы жер аянты категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б. Кемелов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.