Көк-Бел айылдык кеңешинин «Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутатардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 18- сессиясынын
2023-жылдын 1-марты № 19-02
Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын №34-статьясынын 2- пунтуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126-Токтомуна ылайык, Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга электр энергиясынын лимити 345,1 кВт/с өлчөмүндө бекитилсин.
2. Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна керектөөчү электр энергиясын лимиттен ашырбоо жагы айыл өкмөттүн жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Ашимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.