Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ысык-Ата айылдык кеңешинин «Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтому
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 9/I-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика боюнча аймактык комиссиялары жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссия түзүлсүн.
2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын иш-планы бекитилсин (Тиркеме №2).
3. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын төрайымы- Керимбаева Асель Тургамбековна бекитилсин.
4. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага
Н. Ибраимов
Ысык-Ата айылдык Кенешинин
29.11.2024ж. №№9/I-29
токтомуна №1 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссиянын курамы:
1. А.Керимбаева - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,комиссиянын төрайымы;
2. У.Далбаев - айыл өкмөтүнүн орун-басар жооптуу катчысынын м.а., комиссиянын катчысы;
3. И.Бейшекеева - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун төрайымы, комиссиянын мүчөсү;
Төрага
Н. Ибраимов
Ысык-Ата айылдык Кенешинин
29.11.2024ж. №№9/I-29
токтомуна №2 тиркеме
Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча комиссиянын иш-планы:
№
Иш-чаранын аталышы
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу
1
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарына Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этикалык Кодекси жөнүндөокутуу өткөрүү
ар бир жылдын 2 кварталы
Комиссиянын төрайымы
2
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ардактуу эс алуудагы ардагер муниципалдык кызматчы менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларыларынын жолугушуусун өткөрүү
ар бир жылдын 2 кварталы
Комиссиянын төрайымы
3
Коррупцияга каршы иш-аракеттер жана кызыкчылыктардын конфликтиси жөнүндө окуу өткөрүү
ар бир жылдын 3 кварталы
Комиссиянын төрайымы
4
Этикалык жүрүм-турум жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
ар бир жылдын 4 кварталы
Комиссиянын төрайымы
5
Этикалык нормаларды бузуу учурларын кароо
жыл ичинде
Комиссиянын төрайымы
Төрага
Н. Ибраимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.