Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Раззаков шаардык кенешинин «Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН I СЕССИЯСЫ 2024-жылдын 27-ноябры № 1
Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жургузүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын жана зарыл учурда расмий тилде кабыл алынат.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага
С.А.Саматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.