Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын
2023-жылдын 10-мартындагы № 3
Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Базар-Коргон шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасьшын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы № 197 “Жарандардын кайрылууларын ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу жөнүндө” тескемесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана вице-мэр А.Калмурзаевдин сунушунун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХ-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын “Муниципалдык аймактык башкаруунун Жобосу” бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ашыралиевке жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага:
Анарбеков К.К.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Распоряжение Президента Кыргызской Республики от 11 октября 2022 года РП № 197 (Об утверждении Положения об общественных приемных)Распоряжение · 11.10.2022 · № 197