Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Памир-Алай айылдык кеңешинин «Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө» токтому.
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-отуруму
2024-жылдын 04-сентябры №14/3 Памир-Алай айыл аймагындагы жүк ташуучу унаалардын атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулуучу жана жол жээктерине ташталган мусорлор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 12 пунктуна таянып, Нура айылынын тургундарынын жазган арыздарын карап чыгып, Памир-Алай айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл аймагын аралап өткөн негизги унаа жолдорунун жээктерине жүк ташуучу унаалар узак убакытка токтотулбасын, атайын унаа токтотулуучу жайларга токтотулсун.
2.Памир-Алай айыл аймагын аралап өткөн ички жана негизги жолдоруна мусор ыргыткан жарандарга 5000 (беш миң) сомдон 15000 (он беш миң) сомго чейин айып пул салынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага:
Койчуман уулу Н.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.