Памир-Алай айылдык кеңешинин «Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу «Жаңы Сары-Таш» Муниципалдык ишканасынын (МИ) ичүүчү таза суу пайдалануу учурундагы жана МИнын санитардык коргоо аймактарына уруксатсыз кирүүдө, негизги СЕТке, кудукчаларга түшкөндө уруксатсыз кошулууда эрежелерди бузгандыгы үчүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдөрдү төлөбөгөн абоненттерди үзүү жана айып пул салуу жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 3-отуруму
2024-жылдын 21-майындагы № 11/3 Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу «Жаңы Сары-Таш» Муниципалдык ишканасынын (МИ) ичүүчү таза суу пайдалануу учурундагы жана МИнын санитардык коргоо аймактарына уруксатсыз кирүүдө, негизги СЕТке, кудукчаларга түшкөндө уруксатсыз кошулууда эрежелерди бузгандыгы үчүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдөрдү төлөбөгөн абоненттерди үзүү жана айып пул салуу жөнүндө Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу «Жаңы Сары-Таш» Муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап чыгып, Памир-Алай айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын 3-кезексиз отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу «Жаңы Сары-Таш» Муниципалдык ишканасынын (МИ) ичүүчү таза суу пайдалануу учурундагы жана МИнын санитардык коргоо аймактарына уруксатсыз кирүүдө, негизги СЕТке, кудукчаларга түшкөндө уруксатсыз кошулууда эрежелерди бузгандыгы үчүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдөрдү төлөбөгөн абоненттер үзүлсүн же айып пул салууда Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январы № 13 Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндөгү мыйзамына таянып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 15-июну № 1115-III токтомунда көрсөтүлгөн 100 сом суммасына Кыргыз Республикасынын Бузулар жөнүндөгү кодексинин беренелерине көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө ылайык көбөйтүлүп, айып пул салынсын жана бекитилген тартипте иш алып барылсын.
2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы «Жаңы Сары-Таш» Муниципалдык ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жана Айылдык кеңештин бюджет финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага:
Койчуман уулу Н.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О расчетном показателе»Закон · 27.01.2006 · № 13
- Постановление ЖК КР от 15 июня 2006 года № 1115-III "Об утверждении размера расчетного показателя"Постановление · 15.06.2006 · № 1115-III