Тилектеш айылдык кеңешинин «Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы 2024-жылдын 12-сентябры № 9/10 Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн Жаны-Турмуш айылындагы № 40 “Баластан-Алай” балдар бакчасынын арткы бөлүгүн тосуу жана бакчанын ички ремонтун жасоо боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 5 млн 935 533 (беш миллион тогуз жүз отуз беш миң беш жүз отуз үч) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 2 млн 935 533 (эки миллион тогуз жүз отуз беш миң беш жүз отуз үч) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
А. Танаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 230 "Об утверждении Положения об отборе и финансировании проектов за счет долевых (стимулирующих) грантов и Инструкции по…Постановление · 21.04.2015 · № 230 · No longer in force
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · No longer in force