Ак-Турпак айылдык кенешинин «Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 9 Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Турпак айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына, “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын которуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде, Ак-Турпак айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына, “Жалаң-Конуш” участкасынан 439,30 га жана “Боз-Камар” участкасынан 230,0 га жалпы 669,30 га жер аянтын которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага
А. Имаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force