К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп жеке менчик турак жайга өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36-отуруму
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы мурунку мончого тиешелүү жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүп жеке менчик турак жайга өткөрүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы муниципалдык менчикиндеги 5-01-01-1004-0499 идентификациялык сыр белгиси менен катталган мончону муктаж жакыр үй-бүлөөгө жеке менчик турак жайга өзгөртүп берүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылындагы муниципалдык менчикиндеги 5-01-01-1004-0499 идентификациялык сыр белгиси менен катталган мурунку мончого тиешелүү 300,75 чарчы метр жер тилкеси Сопу-Коргон айылынын тургуну Осмонова Катя Алимбековнага турак жай салууга бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай
айылдык кеңешинин төрагасы:
Л.Койчиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.