К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин «Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36-отуруму
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 36/1
Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын чакыруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча жооптуу катчы Айдарбек уулу Назарбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктү жыйындарын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамын түзүү жана жыйындардын графиктерин бекитүү максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы аткаруугу жана жетекчиликке алынсын. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин бекиткен календардык планына жана атайын кабыл алынган түшүндүрмөлөрүнө ылайык иштер алып барылсын.
2. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктү жыйындарын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөндөгүлөрдөн түзүлсүн. (тиркеме тиркелет №1).
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айылдарында өткөрүлө турган жергиликтүү жамааттардын жыйындарынын графиги жана жооптуу депутаттардын тизмеги. (тиркеме тиркелет №2).
4. Өкүлчүлүктү жыйындарды уюштуру жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
5. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардан келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берүү жооптуу катчыга жүктөлсүн.
6. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
К.Белекбаев атындагы Алай
айылдык кеңешинин төрагасы:
Л.Койчиев
К.Белекбаев атындагы Алай
айылдык кеңешинин 28-сентябрь 2023-жылдагы №36/1 токтомуна тиркеме №1
Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктү жыйындарын чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы
1. Л.Койчиев -Айылдык кеңештин төрагасы –комиссиянын төрагасы
2. Н. Айдарбек уулу-айылдык кеңештин жооптуу катчысы-комиссиянын катчысы
МҮЧӨЛӨРҮ:
1.К.Токторалиев –Чий-Талаа айылынын айыл башчысы
2.Ж.Шарипова –айылдык кеңештин депутаты
3.Б.Ашимова-Айылдык ден-соолук комитети
4. М.Боронбаев- Сопу-Коргон тазалык МИ директору
5.Г.Атаканова-уюштуруучу
Жооптуу катчы
Н.Айдарбек уулу
К.Белекбаев атындагы Алай
айылдык кеңешинин 28-сентябрь 2023-жылдагы №36/1 токтомуна тиркеме №2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн айылдарында өткөрүлө турган жергиликтүү жамааттардын жыйындарынын графиги жана жооптуу депутаттардын тизмеги
Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери
Адамдын саны
Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны (квотага ылайык)
Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жери
Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү датасы, убактысы (графиги)
Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
1
Сопу-Коргон
3262
16
Маданият үйү (клуб)
2023-жылдын 20-октябры 10:00
Рысбаева Аида
2
Көлдүк
1014
5
Көлдүк баштооч мектеби
2023-жылдын 19-октябры 14:00
Темишов Калдарбек
3
Жерге-Тал
708
4
М.Абдразаков баштооч мектеби
2023-жылдын 19-октябры 10:00
Исакова Бактыгүл
4
Терек
1597
8
К.Султанов орто мектеби
2023-жылдын 18-октябры
Аматова Гүлмейис
5
Чий-Талаа
2125
11
Б.Абжапаров орто мектеби
2023-жылдын 16-октябры 14:00
Кадыров Таалайбек
6
Аскалы
782
4
М.Акматов орто мектеби
2023-жылдын 17-октябры 10:00
Ташполотуулу Төлөгөн
7
Таргалак
374
2
Таргалак баштооч мектеби
2023-жылдын 17-октябры 14:00
Жунусмаматова Уулбү
Калкынын саны
9862
50
Жооптуу катчы
Н.Айдарбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 29 августа 2023 года УП № 215 "О проведении Народного Курултая"Указ · 29.08.2023 · № 215 · No longer in force