Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ IX чакырылыш кезексиз XXXII сессия
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2
Жалал-Абад шаарында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.09.2023-жылдагы №01-19/3354 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депуттаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.11.2021-жылдагы X сессиясынын №1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн (жер жана мүлк салыктары) зоналык коэффициентти (Кз) шаардын зоналары боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
· Биринчи зонага -1,8 Шаардын аймагы, Ч.Айтматов, Достук, Спутник, Курманбек аймактык башкаруулары, Көк-Арт кичи шаарчасы.
· Экинчи зонага -1,0 Биринчи жана үчүнчү зоналарга кирбеген шаарга караштуу аймактар.
· Үчүнчү зонага-0,5Тоо Кызыл-Суу айылы.
3. Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысына 2024-жылдын 1-январынан тартып салык жыйноодо ушул токтомду колдоого алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н.Орозбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 15-ноябры № 1 "Жалал-Абад шаарынын экономкалык-пландоо зоналарынын Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 1 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.01.2022 · № 3