Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңештин депутаттарынын VII чакырылышы XVII сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры № 17/1
Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык аймагына караштуу Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасынын башчысынын билдирүүсүн угуп, Чекилдек айылындагы жана Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчаларына жана Туз жана Ара-Көл айылдарындагы ачылып жаткан бала бакчаларына 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга, келечегине шарт түзүү максатында кенже топтогу тайпа ачылууга макулдук берилсин.
Алар:
- Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;
- Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;
- Туз айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15 орун;
- Ара-Көл айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15
орун.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З. А. Козубековго милдеттендирилсин.
Төрага
Жумалы уулу Адил
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.