Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Тарифтерди бекитүү жөнүндө» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры № 19/3
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтому менен бекитилген талаптар туралуу Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтомунун негизинде аныкталган тиешелүү тарифтер бекитилсин.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Сагынбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.