Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чаткал айылдык кеңешинин «Чаткал айыл аймагынгында “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын” түзүү жөнүндө» токтому
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII кезексиз сессиясы
2022-жылдын 14-декабрындагы № 4
Чаткал айыл аймагынгында “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын” түзүү жөнүндө “Коомчулуктагы айылдардын инвестициалык ассоциациясынын” (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси Г.Таированын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамынын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жертекчиликке алып, Чаткал айыл аймагында түзүлгөн “Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациасын” кеңеште каттоо боюнча Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы, угуп талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Коомчулуктагы айылдын инвестициялык ассоциациясы” (КАИА) айылдык Кеңештен каттодон өткөрүлсүн.
2. Чаткал айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Чаткал айыл аймагынын, аймагында аткарылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Оморовго милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы:
М.Козубаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О жамаатах (общинах) и их объединениях»Закон · 21.02.2005 · № 36
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force