Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 14-сессиясынын
2023-жылдын 09-мартындагы № 14/1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомун ишке ашыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомуна жана “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсынын абоненттеринин, “Кемеге –Кайырма” СПАсынын мүчөлөрүнүн, ЖПБнин мүчөлөрүнүн чечимдерине ылайык Кара-Бүргөн айылындагы “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсы, “Кемеге –Кайырма” СПАсы жана ЖПБи жоюлсун.
2. “Жеңиш-Саз” ИСКАКБсынын, “Кемеге –Кайырма” СПАсынын жана ЖПБнин балансындагы мүлктөр Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө өткөрүлүп алынсын.
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыт пайджаланууну жөнгө салуу жана таштанды чыгаруу иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекемелер ортосундагы аласа-бересе иштерин жөнгө салуу жагы милдеттендирилсин.
5. Калктын ичүүчү таза суу пайдалануу акысы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Жайыт пайдалануу акысы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Сугат суу пайдалануу акысы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Таштанды чыгаруу акысы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы
Б.Кемелов
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 1-тиркемеси
Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн ичүүчү таза суу төлөмүнүн акысы
№
Ичүүчү таза суу акысы
Үйүнөн же короодон пайдалануучу
Суу түтүгүнөн (колонкадан) пайдалануучу
Жалпы план
1
80 пайдалануучу*150сомдон=12000 76 пайдалануучу*90сомдон=6840 Жалпы 18840*11 айга=207200сом
150сом
90сом
207200 сом
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
К.Русланов
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 2-тиркемеси
Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн сугат суу төлөмүнүн акысы
№
Сугат суу акысы
1га жер аянты үчүн
Жалпы план
1
440га жер аянты
600сом
264600 сом
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
К.Русланов
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 3-тиркемеси
Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн жайыт төлөмүнүн акысы
№
Жайыт пайдалануу акысы
Жандык малга
Бодо малга
Жалпы план
1
ИММ 1628 баш Кой 5975 баш Эчки 1084 баш Жылкы 1462 баш
20 сом
100 сом
450180 сом
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
К.Русланов
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 09-март 2023-жылдагы №14/1 токтомунун 4-тиркемеси
Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча 2023-жылы үчүн таштанды чогултуу төлөмүнүн акысы
№
Таштанды чогултуу акысы
Тиричилик таштанды
Катуу таштанды
Жалпы план
1
200 пайдалануучу*50сомдон Жалпы 10000 сом айына* 9 айга=90000сом
50 сомдон
1тоннага -300 сомдон
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
К.Русланов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.