Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Өрүктү айылдык кеңешинин «Өрүктү айылы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө» токтому
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы 2023-жылдын 10-июлу № 5 Өрүктү айылы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин башкаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругун жетекчиликке алып, Өрүктү айыл аймагында түзүлгөн акттын негизинде мамлекеттик айыл-чарба фондунун жерлерин ижарага берүүдө бааларын аныктоо үчүн коэффициентин бекитүү жана мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин келечек планын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1.Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берүүдө бааларын аныктоо үчүн коэффициенттери КРӨ №309-токтомуна ылайык, Өрүктү айыл аймагында №1362 контур 20 коэфициент, №1240 контур 10 коэфициент болуп бекитилсин
2. Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин келечек планын иштеп чыгуу боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Н. Абдраимов – Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы;
- Р. Кийикбаев – айыл аймак башчысы, комиссиянын мүчөсү;
- Ш Ниязбеков – айыл аймактын жер адиси, комиссиянын мүчөсү;
- Т. Кулумбетов – экономист-стаисти, комиссиянын мүчөсү;
- Ж. Хасанбаев – жергиликтүү Кеңештин төрайымынын орун басары, комиссиянын мүчөсү;
- М. Кулматов – жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- С. Абдиев - жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- Т. Оңолбаева - жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- Р. Темиралиев - жергиликтүү Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
- И. Макамбаев – Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
- К. Аширбек уулу – Өрүктү айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
3. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү жерлеринин айыл-чарба багытындагы келечек планын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн жергиликтүү Кеңештин сессиясына сунуштоо түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин..
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы
К. С. Усенбаева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Приказ Министерства сельского хозяйства Кыргызской Республики от 19 сентября 2022 года № 329-ни "Об утверждении Порядка предоставления земель Государственного фонда…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · No longer in force