Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин «Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин кыскартуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 14-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 20-июнундагы № 14/1
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылга карата аудитордук ишмердүүлүк планынын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2022-жылдын 08-июнундагы №02-3/214 - буйругунун негизинде, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин атайын каражаттардын, бюджеттик эмес жана башка каражаттардын натыйжалуу түзүлүшү жана аткарылышы, мамлекеттик ресурстардын туура бөлүнүшү жана пайдаланышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен Кызыл-Жар айыл аймагынын кассалык кыймылына жана которулган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдалануусуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгына ылайык. 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин атайын каражаттардын максатсыз чыгымдалган бюджеттик каражаттарын мыйзамдаштыруу жана 2022-жылдын бюджетинен 2-кварталынын сметасынан кыскартуу максатында Кызыл-Жар айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин 2018-жылдагы 25-декабрынын №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетторду жүргүзүү боюнча жобосун бекитүү жөнүндөгү” жобосунун талаптары аткарылбастан, 2020-2021-жылдарда айыл өкмөтүнүн бюджетинин кассасына келип түшкөн накталай акча каражаттарынын кыймылы боюнча аудит мезгилинде кассага кириштелген бюджеттик накталай акча каражаттарын башка беренеге максатсыз түрдө иштетүү учурлары аныкталып, жалпысынан максатсыз 56,2 миң сом ашыкча жумшалган. Анын ичинен 2020-жылга: 2215-беренесинен 28,1 миң. сом, максатсыз эмгек акыга 11,3 миң сом, максатсыз күйүүчү майга 16,8 миң. сом жумшалганы аудит мезгилинде аныкталган. Ал эми 2021-жылга: 2215-беренесинен 28,1 миң. сом, максатсыз эмгек акыга 8,6 миң сом, максатсыз күйүүчү майга 19,5 миң. сом жумшалганы аудит мезгилинде аныкталган. Аудит мезгилинде Кызыл-Жар айылдык аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 14 сандуу 20.06.2022-жылкы чыгарылган токтомунун негизинде жана Кара-Кулжа райондук каржы башкармалыгынан уведомлениенин негизинде максатсыз колдонулган каражат боюнча 2215-беренесинен баардыгы болуп 56,2 миң. сом, максатсыз жумшалган каражат ордуна коюлушу боюнча 2022-жылдын бюджетинен 2-кварталынын сметасынан кыскартуу максатында Кызыл-Жар айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин кезексиз сессиянын токтому менен бекитебиз.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетинин иштелишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы
Г.Т.Эрматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- ПОЛОЖЕНИЕ ПО ВЕДЕНИЮ БУХГАЛТЕРСКОГО УЧЕТА И ФИНАНСОВОЙ ОТЧЕТНОСТИ В СЕКТОРЕ ГОСУДАРСТВЕННОГО УПРАВЛЕНИЯПоложение · 25.12.2018 · № 137-П · No longer in force