Раззаков шаардык кеңешинин «Самат айылынын жашоочуларын айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан жана 2-3 топтогу мулк салыктарынан бошотуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ сессиясы (VI чакырылыш) 2023-жылдын 25-декабры № 3 Самат айылынын жашоочуларын айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан жана 2-3 топтогу мулк салыктарынан бошотуу жөнүндө Раззаков шаарынын мэриясынын Самат айылынын жашоочуларын айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан жана 2-3 топтогу мулк салыктарынан бошотуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы “Баткен облусунун статусу жөнүндө” №113 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы №325 токтомуна ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарына караштуу Самат айылынын жашоочулары айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан жана соода түйүндөрү 2-3 топтогу мулк салыктарынан бошотулсун.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.Б.Айтемиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.