Эргеш Алиев айылдык кеңешинин “Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылдын 20-августу №8
“Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Ресчпубликасынын 2021-жылдын 5-майындагы мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-бөлүмүнүн 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547 “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субьекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде айыл чарба жерлерине компенсация катарында республикалык бюджеттен келген 1385,0 (бир миллион үч жүз сексен беш миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй сарпталсын:
№
Бөлүм
Статья
Сумма
1
Бала бакча
2218
213,8
2
Бала бакча
2222
500,0
3
Мектеп
2222
300,0
4
Аппарат
2215
100,0
5
Аппарат
3111
271,4
6
Баардык сумма
1385,2
2.Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү башкы бухгалтер Н.Кабыл кызына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
А.Нишанбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.