Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 «Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)
2023–жылдын 5-октябры № 19/12 Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Катта-Талдык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта –Талдык айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага : К. Абдраев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О базовых ставках земельного налога за пользование сельскохозяйственными угодьями, приусадебными и дачными земельными участками, землями населенных пунктов и…Закон · 07.12.2001 · № 104 · No longer in force