Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXVIII сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябры № 267/38-8
Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгы жана Талас шаарынын мэриясынын 11.09.2024-жылдагы №01-19/2600 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2024-2025-жылга карата жылытуу төлөмдөрүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти тарабынан бекитилген тарифтин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага
К. Джаныбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.