Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Моюн айылдык кеңешинин «Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө» №3 токтому
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 3-сессиясынын 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-апрели №3.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын Исраилов Саяк атындагы бала бакчасынын директору Г.Кыргызбаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө
IX чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 14-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Муз айылын дагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №415 “Мектепке чейинки билим берүнү өнүктүрүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтомун эске алып жана Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2024-жылдын 19-январындагы №21 катында М.Субагожоев көчөсүндөгү №33 турак үйдө кошумча корпус катары иш алып баруусуна каршылык жок экендиги көргөзүлгөнүн жана дагы
НРАОААжМСЭКБМнин Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн 2024-жылдын 29-февралынын №95 катында бала бакчага кошумча корпус ачууга уруксаат берилгендигин НАРЫНСКОЕ РЕГИОНАЛЬНОЕ УПРАВЛЕНИЕ ПО ГРАДОСТРОИТЕЛЬСТВУ И АРХИТЕКТУРЕ.ТЕХНИЧЕСКОЕ ЗАКЛЮЧЕНИЕ №15 04-апрелде бала бакчага кошумча корпус ачууга уруксат берилгенин эске алып Ак-Муз айылынын М. Субагожоев көчөсүндөгү №33 жайгашкан жеке менчик турак үйүн кошумча корпус катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ак Муз айылын дагы Исраилов Саяк атындагы бала бакчасына Ак-Муз айылынын М. Субагожоев көчөсүндөгү №33 жайгашкан жеке менчик турак үйү пайдаланууга үч тараптуу ижара келишимин тактап түзүү жагын Ак-Моюн айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Штаттык бирдиктерди түзүп айлык акысын чечтирип берүү жагы Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.
Төрага:
Ж. Алыбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.