Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө» №38/4 токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры №38/4 Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесин аткаруу максатында, бала бакчаларда кошумча тайпа ачуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачууга, тайпаларды өзгөртүүгөКара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Дөң-Алыш айылынын С.Эсеналиев атындагы, Орток айылындагы “Орток Шамы” жана Комсомол айылындагы “Баластан Нуру” бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү боюнча иш чараларды аткаруу жагы, аталган бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага:
К. Сапарбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 10 мая 2024 года № 229-р (Об увеличении охвата детей дошкольным образованием)Распоряжение · 10.05.2024 · № 229